• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Египетте кармалган казак студенттери мекенине кайтып келишти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 7-август /Кабар/. 20-июлда Египетте кармалган алты казакстандык студент мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Студенттердин Египет улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалгандыгы 24-июлда белгилүү болгон. Кармоонун чоо-жайы, студенттердин кайсыл жерде экендиги эки жумага жакын белгисиз болуп, буга байланыштуу Казакстан Тышкы иштер министрлиги Каирге нааразылык нотасын жөнөткөн.

1-августта Египеттин атайын кызматы казак элчилиги менен байланышып, студенттерди өлкөдөн чыгарышарын билдиришкен. Кармоонун чоо-жайы азыркыга чейин расмий айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий