• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Египетте темир жол кырсыгынан 11 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Египетте поезд кырсыгынан 11 адам каза болуп, 98и жаракат алды, деп билдирет араб республикасынын саламаттык сактоо министрлиги.

Мындан мурда “Аль-Арабия” телеканалы Каирдин түндүгүндөгү Кальюбия провинциясындагы темир жол кырсыгынан 8 адам каза болгонун айткан.

Поезд Эль-Мансур шаарынан Каирге келе жаткан.

“Темир жол кырсыгынан 11 адам каза болуп, 98и жаракат алды”, - деп айтылат саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Египеттин темир жол башкармалыгынын маалыматы боюнча, 4 вагон рельстен чыгып, оодарылып кеткен.

Марттын аягында дагы Египеттин Сохаг провинциясында эки поезд кагышып, 19 адам каза болуп, 185и жаракат алган.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий