• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Египеттеги кош жардырууда каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Танта жана Александрия (Египет) шаарларындагы 2 коптск православия чиркөөлөрүндөгү жардыруулардын натыйжасында каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Сауд Аравия Королдугундагы элчилиги Египеттеги кыргыз диаспорасы менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатканы кабарланды.

Эскерте кетсек, 9-апрелде Египеттин 2 чиркөөсүндө болгон жардыруулардын жыйынтыгында кеминде 42 адам каза болгон.

ВВС билдиргендей, биринчи жарылуу Александрия шаарынан түштүк-чыгышка карай 130 км аралыкта жайгашкан Танта шаарындагы Георгия чиркөөсүндө болгон, кол салуудан 29 адам мерт кеткен.

Бир нече убакыттан кийин экинчи кол салуу болгон: жарылуучу зат Александриянын өзүндөгү Марка храмында аракетке келген, анда 13 адам каза болгон.

Бул чиркөөнүн ичинде христиан-копттордун Патриархы Тавадрос II бар болгон. Расмий булактар анын жабыркабаганын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий