• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Египеттеги мелдеш: Эркин күрөш боюнча алгачкы алтынды Тайырбек Жумашбек уулу жеңди

Спорт 0

Бишкек, 26.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөшү боюнча 61 кг салмакта катышып, финалда украиналык Тарас Марковичтен 9:2 эсебинде алдыга чыгып, турнирдин жеңүүчүсү болду.

Жумашбек уулу мелдештин башында армениялык балбанды 10:0, өзбекстандык спортчуну 7:4, ирандык балбанды 18:6 эсебинде уткан.

Мелдеш 21-26-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшү боюнча Акылбек Талантбеков (82 кг) күмүш, Сыймык Махмудов (63 кг) менен Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий