• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Египеттеги мелдеш: Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло утту

Спорт 0

Бишкек, 25.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Эки спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Балбандар алгачкы кармаштарын ийгиликтүү баштаганы менен финалга чыга алышкан жок. Коло үчүн кармашта Жуманазарова (68 кг) америкалык Александрия Юнис Глодду 2:1 эсебинде жеңди.

Ал эми Айпери Медет кызы (76 кг) кытайлык Чжоу Цянды 3:0 эсебинде артта калтырды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий