• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Египеттеги сулуулук сынагына кыргызстандык Азалия Дүйшөн катышууда

Маданият 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Египеттеги Miss Eсо International -2019 эл аралык сулуулук сынагына кыргызстандык Азалия Дүйшөн катышууда. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында айтылат.

Сулуулук сынагы 12-мартта башталган. Анын финалы 29-мартка белгиленген.

Сынакка жалпы 65 өлкөнүн өкүлү катышып жатат.

Сынактын жүрүшүндө анын катышуучулары улуттук кийимдеринен баштап кечелерге кийиле турган көйнөктөрү менен подиумга чыгышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Азалия Дүйшөн Miss Cosmopolitan World 2018 иш-чарасына катышкан.

Пикир

Оставить комментарий