• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эгиздерге жалаяк, сүт азыктарын алганга акча жетпей калат ― 3 жолу эгиз төрөгөн жаш эне

ТАГДЫР 0

Бүгүнкү сөз кыла турган каарманыбыз Майрамбек кызы Наргиза. Ал Арча-Бешик конушунда ижарага алган үйдө 7 баласы менен баш калкалап келүүдө. Наргиза 3 жолу эгиз төрөгөн жана эң улуу баласы 8 жашта. Анын оор тагдыры жана балдары туурасында кеп баштасак.

Майрамбек кызы Кочкор районунун Көк-Жар айылындан Бишкекке келген. 18 жашында турмушка чыгып, жолдошу менен Бишкек шаарына жумуш издеп келишкен.

“Жолдошум 1984-жылкы, экөөбүздүн сабаттуулугубуз орто билимдүү. 2010-жылы баш кошконбуз. Бишкек шаарына жумуш издеп келдик. Алгач Арча-Бешикте жашадык, анан Кара-Жыгач конушунда баш калкалап келдик. Азыркы 2 бөлмөлүү үйгө келгенибизге 1 ай да боло элек. Айына 3 миң сом берип турабыз. Ижарага чыгуу бир топ кыйын, анткени көп балалууларды киргизе бербейт.”, ― дейт 7 баланын энеси.

7 баланын эң улуусу 8 жашта, аты Усман. 1-классты Кара-Жыгач конушунда жашап жатканда ошол жактагы мектепте билим алган. Арча-Бешикке көчүп келип, каттоого тура элек болгондуктан 2-класска убагында барбай калган.

“Кара-Жыгачтан бул жакка көчүп келгендиктен жашагандыгы тууралуу тастыктама ала элек болчубуз. Бирок, азыр убактылуу жашап жатат деген тастыктаманы алдык. Усман биринчи күндөн (ред.: 16-сентябрь) баштап окуусуна бара баштайт. Жашап жаткан жерибизге жакын мектепке барат. Мектеп жетекчилиги 1500 сом суроодо. Мен өзүм барып сүйлөшө элекмин”, ― деди Майрамбек кызы Наргиза.

Усмандан кийинки 5 жаштагы эгиз кыздар, анын артынан 4 жаштагы бир эркек бир кыз балдар. Алар дагы эгиздер. Эң кичүү эгиздерине бир ай боло элек жана аларды кесарево жолу менен төрөгөн. Маек куруп жатканда 24 күн болгонун анын энеси билдирген.

“Балдарым бала бакчага барышпагандыктан аларга эч нерсе алып бербейм деле. 5 жаштагы эгиз кыздарым эмдиги жылы даярдоо класска барышат. Ал эми, жаңы төрөлгөн эгиз балдарыма 24 күн болду. Аларды №6 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө алып келдим. Кичүү балдарымды кесарево ыкмасы менен төрөдүм. Буга чийинки балдарымды да ушундай ыкма менен төрөгөм. Ооруканада 4 күн эле жаттым. Азыр үйдө ийне сайдырып жатам. Кошуна эже келип ийне сайып берүүдө. Балдарга кошумча сүт кошулмаларын берүүдөмүн. 350 грамм алсам 4 күнгө жетет. Анын баасы 460 сом турат. Эгиздер чоңоюп, уйдун сүтүн ичип калганга чейин 6-7 ай ушундай сүт кошулмаларды бериш керек”, ― деп белгиледи Майрамбек кызы.

Каарманыбыздын жолдошу курулуш тармагында эмгектенет. Буйрутма менен иштегендиктен иш тартиби так эмес. Жумуштан саат 6-7лерде үйгө келет:

― Жодошум курулушта иштейт. Жумасына ар кандай иштейт, буйрутмага жараша. Бирөөнүн үйүн шыбаганга, кыш ташыганга жана башка иштерге жардам берет. Үйгө саат 6-7лерде келип мага бардам көрсөтөт. Түшкөн акчасына тамак-аш, үйдүн ижарасын төлөйбүз. Эгер ал ооруп калса каражат жактан кур калабыз.

Майрамбек кызы Наргиза мамлекет тарабынан жөлөкпул албай келген. Аны менен бирге, “Баатыр энеге” төлөнчү акчаны мына эми алаарына токтолду:

― Биз туруктуу бир жерге катталбагандыктан жөлөкпул албай келгенбиз. Азыр ушул жашап жаткан жерге каттоого тургандыктан документтерди топтоп, жаңы тапшырдык. Баатыр энеге берилчү акча каржатын алыш үчүн эң кичүү балдарым 1 жашка чыгыш керек. Жашы 1ге жеткенде гана 1 миң сом берээрин айтышты. Мамлекет тарабынан эч кандай акчалай жардам ала элекпиз.

Көп балалуу үй-бүлө Кара-Жыгачта жашаганда 1,5 тонна көмүрдү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан алып турган. Бул жылы кечигип калгандыктан көмүрдөн кур калышкан.

“Быйылкы жылы кезекке турганга жетишпей калдык. Негизинен январь айынан май айына чейин документтерди кабыл алат. Кара-Жыгачта жашап жатканда алганбыз. Бул жакка көчүп келип, документтерди топтогонго үлгүрбөй калдык. Быйылкы кышта көмүрү жок эмне кылаарыбызды билбей жатабыз”, ― деп өз оюн билдирди эгиздердин энеси.

Наргизанын эки ымыркайы болгондуктан тамак жасаганга 8 жаштагы Усман жардам берип турат. Жаш бала болгондуктан ал дагы кээде эгиздерге көз сала албайт.

“Үйдө бир гана Усман жардам бербесе башка эч ким жок. Бир аз карап турса эле тезирээк тамак жасай коем. Тамак азыктар калбай калганда дүкөндөрдөн карызга алууга туура келет. Жаңы төрөлгөн эгиздерге жалаяк, сүт азыктарын алганга акча жетпей калат. Кечинде да ыйлап чыгышат”, ― дейт жаш эне.

Каарманыбыз эки эгиз баласын карап колу бошобойт. Бир гана жолдошу жумушта иштеп, акча табат. Иштеп тапкан каражаты тамак-ашка эмес, жаңы төрөлгөн ымыркайына сүт азыктарын алып бергенге да жетпей калат. Калкалап турган үйдүн ижарасынын акчасын да төлөшү керектелет. Майрамбек кызы Наргиза мамлекет тарабынан бир гана үй алып берүүсүн суранат эле, ижарага акча төлөбөсө эле калган муктаждыктарына өздөрү жеткирээрин 7 баланын энеси кошумчалап кетти.

Даярдаган: Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий