• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Париждеги Эйфель мунарасына чыгып алган орус жаранын психиатрга жөнөтүштү

Дүйнө 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Француз полициясы 20-майда Эйфель мунарасына чыгып, андан алты саат бою түшпөй койгон орусиялык делген жаранды психиатриалык ооруканага жөнөттү. Бул тууралуу AFP агенттиги полициядагы булактарына таянуу менен билдирди.

Кармалган кишинин тек жайы айтылган жок, бирок франциялык BFM каналы ал Франциядан башпаанек алууга аракет жасаган Россия жараны экенин билдирди. Ал коопсуздук системасын кантип буйтап өтүп кеткени белгисиз. Бул окуядан кийин Эйфель мунарасы дүйшөмбү күнү туристтер үчүн жабык болду. Шейшембиде ага чыгып алган киши полицияда сурак берди.

Ага каршы маданий объектинин аймагына мыйзамсыз түрдө кирүү боюнча айып тагылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий