• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Эйр Кыргызстандын» азыркы жетекчиси жаңы келгенде 5-6 учагы болгон, бүгүн бир дагы учак жок – депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. «Эйр Кыргызстан» мамлекеттик авиакомпаниясында азыркы жетекчиси Жолдош Бектурганов жаңы келгенде 5-6 учагы болгон, бүгүнкү күндө бир дагы учак калбай калган. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов парламенттин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, авиакомпания карызга батып, бир топ кызматкер жумуштан бошотулгандыган.

Жамалдинов президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, бул маселеге чара көрүүнү өтүндү.

Эске салсак, буга чейин парламенттин бир катар депутаттары «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясындагы абал тууралуу сөз кылып, менеджменттин начардыгын айтып, ишкананын абалына көңүл бурууну сунушташкан.

Буга чейин "Эйр Кыргызстан" ишканасынын акцияларынын 49 пайызы өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган.

Пикир

Оставить комментарий