• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экөө бир жашка чейинки наристе. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын 30у жаш балдар

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 280 кишинин ичинен 147 – аял, 133 – эркек. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алардын ичинен 15 жашка чейинкилер – 30, анын ичинен бир жашка чейинки эки наристе. 16 жаштан 19 жашка чейин – 11, 20 жаштан 35 жашка чейин – 71, 35 жаштан 55 жашка чейин – 101, 55 жаштан улуулар – 67и түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында 34 медицина кызматкери бар.

Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталып, жалпы ооругандардын саны 280 кишиге жетти. Алардын ичинен 34ү медиктер, 30 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми илдетти жуктуруп алган 4 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий