• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Экөө жабыркап, бирөө каза болду. КР менен Тажикстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Айдарбеков кесиптешине тажик тарап алгач ок чыгаргандыгын жана бир аскер каза болгондугун, экөө жаракат алгандыгын билдирген. Ошондой эле Чыңгыз Айдарбеков чек ара бекети менен Кыргызстандын жарандарынын үйлөрү жабыркаганын баса белгилеп кеткен.

"Министр Айдарбеков тажик аскерлери биринчи ок чыгарып, минометтен аткылаганын айтты", - деп кошумчалашты министрликтен.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери курман болду. Саат 21:30га карата ок атышуу токтогон.

Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий