• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Екатеринбург шаарында “Энелер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. 28-ноябрда Екатеринбург шаарында “Энелер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Кыргызстан-Урал” жана “Евразия-Казакстан” Свердлов облустук коомдук уюмдары уюштурган “Энелер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чарага КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери катышты.

Диаспоралык бирикмелердин күчү менен коноктор үчүн кыргыз, казак жана орус тилдериндеги ыр-бий коштогон концерт уюштурулду.

Вице-консул Чолпонай Аджиматова өзүнүн кыскача сѳзүндѳ энелерди майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо каалады жана Башкы консулдуктун атынан көп балалуу энелерге белектерди тапшырды.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөөрү тууралуу маалымдап, кыргызстандыктарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий