• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Екатеринбургда баласын сатууга аракет кылган кыргызстандыкка карата иш козголду

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Екатеринбургда кыргызстандык аял 300 миң рублга баласын сатууга аракет кылган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун кызматкерлери РФнын Свердлов облусу боюнча Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү менен жолугуу өткөрдү.

Тергөөчү билдиргендей, кармалган А.Н. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Учурда А.Н. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат жана бала Екатеринбургдагы социалдык мекемеге дайындалган.

Башкы консулдук бул окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда, ошондой эле КРнын шектүү жаранына адвокаттын жана котормочунун кызматтарын көрсөтүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий