• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Екатеринбургда Эриш-аркак жылына арналган басма сөз жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Екатеринбургда Кыргызстандын Россияда жана Россиянын Кыргызстанда өтө турган Эриш-аркак жылына арналган басма сөз жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал 6-мартта РФнын ТАСС маалымат агенттигинин басма сөз борборунда КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Р.Бийбосунов, Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Козлов, Урал Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) президенти А.Беседин, Урал туризм ассоциациясынын аткаруучу директору М.Мальцевдин катышуусунда өттү.

Басма сөз жыйынынын катышуучулары 2020-жылдын 27-февралында эки мамлекет башчысы тарабынан Москва шаарында салтанаттуу жагдайда Эриш-аркак жылга расмий түрдө старт берилгендиги, Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы түздөн-түз соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын өнүгүшү, жалпы эле кыргыз-россиялык мамилелер туурасында айтып беришти.

Кызматташуунун келечектүү багыттары катары өнөр жай, текстиль, айыл чарбасы, туризм жана башка чөйрөлөр белгиленди. Мында иштиктүү чөйрөнүн байланыштарына, эки тараптын бизнес коомчулугунун өз ара иштешүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Андан тышкары, ЖМК өкүлдөрү Эрш-аркак жылдын негизги иш-чаралары, Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75-жылдыгын майрамдоого, Кыргыз-Россия Региондор аралык конференциясынын 9-отурумуна, Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун Экинчи форумуна жана эки өлкөнүн жаш лидерлеринин форумуна даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат алышты.

КРнын Свердлов облусу менен 90-жылдардын аягынан бери калыптанып келе жаткан соода-экономикалык кызматташуусун өзгөчө белгилеп өттү. Кыргызстан менен Свердлов облусунун ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 1999-жылдын жыйынтыгы боюнча 5 миллион АКШ долларын түзсө, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч андан 20 эседен ашык чекке чейин жетти.

Пикир

Оставить комментарий