• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Екатеринбургда КР жаранын өлтүргөн такси айдоочусу 8,5 жылга соттолду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Екатеринбургда (Россия) акы төлөө үчүн чыккан уруштан улам Кыргызстандын жаранын өлтүрүп койгон такси айдоочусун 8,5 жылга эркинен ажыратышты.

E1.ru маалымат порталынын маалыматы боюнча, кечээ Екатеринбургда бул иш боюнча соттук отурум өттү. Такси айдоочусу, 38 жаштагы Өзбекстанын жараны Ойбек Насиров адам өлтүрүү боюнча күнөөлүү катары табылып, 8,5 жылга кесилди.

ЖМКлар бул окуя 2017-жылдын 1-майында 21:00 чамасында “Павел Шаманов” аялдама комплексинде болгонун, анда айдоочу менен анын мас абалындагы жүргүнчүсүнүн ортосунда жол кире акысы үчүн чатак чыккан. Жүргүнчү таксиден түшкөндө, айдоочусу артынан чыгып, бурама буроочу аспап менен төш жана баш жагына сайып салган. Алган жаратынан ал ошол жерде көз жумган.

Анын сөөгүн аялдамадан шаардыктар табышкан. Такси айдоочусу окуя болгон жерден качып кетип, изи сууй электе кармалган.

Пикир

Оставить комментарий