• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Екатеринбургда кыргызстандык мигрант аялдар тууралуу маселелер талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 4-мартында Екатеринбург шаарында «Миграциянын аялдар жүзү. Мигранттардын балдарынын социалдаштырылышы» аталышындагы экинчи Эл аралык конференция өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти.

Иш-чара Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугу жана Свердлов облустук «Кыргызстан - Урал» коомдук уюму тарабынан уюштурулган.

Форум эмгек миграциясындагы аялдардын маселелерине жана алардын укуктук жактан корголушуна жана жергиликтүү коомчулукка аралашууга, көнүгүүсүнө арналды. Ошондой эле бул жолугушуунун алкагында эмгек мигранттардын балдарынын мектептерде жалпы билим алуусу жана социалдык көнүгүүсү сыяктуу актуалдуу маселелер каралды.

Форумда Свердлов облусунун жана Екатеринбург шаарынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери, КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү, Москва жана Бишкек шаарындагы Миграция боюнча Эл аралык уюмдардын кеңселеринин жетекчилери, коомдук жана диаспоралдык уюмдардын өкүлдөрү, кыргыз жана россиялык эксперттер, алардын ичинде Россиянын жана Кыргызстандын шаарларынан келген жана башка дагы кызыкдар адистер катышты.

Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулу Руслан Бийбосунов өз сөзүндө форумдун алкагында каралып жаткан маселелер эмгек мигранттарды кабыл алуучу тарап катары Россия үчүн жана эмгек ресурстары чыгып жактан өлкөлөр, алардын ичинде Кыргызстан үчүн да актуалдуу экендигин белгилеп кетти. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Москва шаарында эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда ачылган Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Эриш-аркак жылдын алкагында өтүп жаткандыгын да баса белгиледи.

Свердловск облусунун өкмѳтүнүн жана Екатеринбург шаарынын башкармалыгынын атынан, форумдун катышуучуларына жылуу каалоо-тилектер жаңырып, аны ийгиликтүү өткөрүүнү жана коюлган максаттарга жетүү айтылды.

Баардык докладчылар, аялдардын 8-март Эл аралык күнү менен куттукташып, бул форумдун майрам алдында өткөрүлүүсү абдан маанилүү экендигин белгилешти.

Конференция экинчи жылы катары менен өтүүдө жана миграция тармагындагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуунун жана бул тема боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана диаспоралык уюмдардын катышуусунда сунуштарды иштеп чыгуунун өзгөчө бир аянтчасына айланып калды.

Форум өзүнүн аянтын тартуулоо менен иш-чаранын ийгиликтүү уюштурулушу үчүн керектүү шарттарды түзүп берген Урал экономикалык университетинин колдоосу менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий