• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Екатеринбургда кыргызстандык жаранга тапанча менен кол салуу болгон (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Екатеринбург шаарынын Кольцово аэропортунда 20-ноябрь күнү кыргызстандык жаранга белгисиз адамдар тарабынан тапанча менен кол салуу болуп, анын 33 млн рубль каражаты уурдалган.

Окуя аэропорттун видео камерасына түшүп калган. Анда 32,7 млн рубль салынган сумканы сүйрөп келе жаткан курьерге белгисиз эки адам чуркап келип, ок чыгарып, сумканы алып качып кетикенин көрүүгө болот. Жабырлануучу жана анын коштоп бара жаткан жадам каракчылардын артынан кубалап, бирок жете албай калышкан.

Акча ташып бара жаткан адам жараат алган.

Ал эми белгисиз адамдардын унаасы өрттөргөн абалда Сибирь трактына жакын жерде токойдо табылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий