• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Екатеринбургда Кыргызстандын аймактарындагы туристтик мүмкүнчүлүктөр көрсөтүлдү

Экономика 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда Россиянын Екатеринбург шаарында кыргыз-орус аймактар ​​аралык тогузунчу конференциясынын алкагында эки өлкөнүн өкүлдөрү Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде аймактар ​​аралык кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкууланды. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймактар ​​аралык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү программасынын даярдыгын, анын ичинде аймактар ​​аралык кызматташуунун укуктук негиздерин жана биргелешкен аймактар ​​аралык долбоорлорду колдоонун каржылык инструменттерин изилдеп чыгышып, өз сунуштарын айтышты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрү аймактар ​​аралык соода-экономикалык кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасын сунуштап, аймактар ​​ортосунда бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда.

Россиялык бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Ал эми Кыргызстандын ишкерлерине Орусиянын аймактарынын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары сунуш кылынды.

Мындан тышкары, Россиянын саламаттыкты сактоо тармагынын медициналык кызматтарды экспорттоо боюнча тажрыйбасы кыргызстандыктарга көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий