• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Екатеринбургда мекендештер арасында бильярд боюнча кубок жана волейбол боюнча турнир өттү

Коом 0

Бишкек, 26.02.20./Кабар/. Екатеринбургда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнѳ, Кыргызстан-Россия кайчылаш жылынын башталышына карата мекендештер арасында бильярд боюнча кубок жана волейбол боюнча турнир уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Иш-чара 2020-жылдын 21-23-февралында өтүп, Екатеринбург шаарындагы мекендештердин Кыргыз диаспорасынын демилгеси менен жана Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугунун колдоосу менен уюштурулган.

Волейбол боюнча мелдешке 11 команда, бильярдга бир нече топко бөлүштүрүлгѳн 40тан ашуун оюнчулар күч сынашышты.

Мекендештерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен Башкы консул Руслан Бийбосунов жана башка уюштуруучулар куттуктады. Эки мелдештин жеңүүчүлөрү кубок, медаль, диплом ошондой эле жеке ишкерлердин жана коомдук уюмдардын демөөрчүлүк каражаттарынын эсебинен акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Спорттук мелдеш мекендештердин арасында абдан кызыгуу жаратып, көп сандаган көрүүчүлөрдү жана күйөрмандары чогултту. Өз кезегинде жарыштын катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий