• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Екатеринбургда «Мигранттын кыялы» долбоорунун алкагында поэзия кечеси өттү

Коом 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-февралында Екатеринбург шаарынын китепкана борборунда «Мигранттын кыялы» долбоорунун алкагында Свердлов облусундагы «Кыргызстан–Урал» коомдук уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен уюштурулган «Уралдан кат» аттуу поэзия кечеси болуп өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Екатеринбург шаарында көп жылдар бою жашап жана иштеп келген, поэзияга жакын кыргызстандыктар катышты.

Башкы консулдуктун өкүлү Нурлан Алымбеков катышуучуларды биринчи адабий кечеси менен куттуктап, таланттуу мекендештерин белгилеп, мындай маданий иш-чараларды байма-бай өткөрүп турууга үндөдү, ошондой эле Уралдагы кыргызстандык акындардын ырлар жыйнагын басып чыгарууну сунуш кылды.

Кечеде түбөлүк темаларга - сүйүүгө, достукка, жашоонун маанисине, Мекенге, адам табиятына арналган автордук чыгармалар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий