• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Екатеринбургда өткөн туристтик көргөзмөдө Ысык-Көл облусуна «Өнөктөш аймак» макамы берилди

Маданият 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана колдоосу менен кыргыз делегациясы 2021-жылдын 16-17-апрелинде Екатеринбург шаарында өткөн Эл аралык «ЛЕТО-2021» туристтик көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамына — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Ысык-Көл облусунун рекреациялык санаторий мекемелеринин өкүлдөрү кирди.

Кыргызстандын Башкы консулдугу менен Урал туризм ассоциациясынын макулдашуусуна ылайык, аталган көргөзмөдө Ысык-Көл облусуна «Өнөктөш аймак» өзгөчө макамы берилди.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинде облус башчысы Жантаев сөз сүйлөп, кыргыз делегациясынын мүчөлөрү көргөзмөнүн ар кандай бөлүмдөрүнө катышышты, пленардык жыйында, «Эс алуу жана ден соолукту чыңдоо» боюнча конференцияда жана ЖМК катышуусунда өткөн брифингде сөз сүйлөшүп, көргөзмөнүн катышуучуларынын жана конокторунун чоң кызыгуусун жараткан Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Мындан тышкары, делегациянын мүчөлөрү жана Кыргызстандын туризм тармагынын өкүлдөрү кызматташуу маселелери боюнча россиялык жана чет өлкөлүк кесиптештер менен көптөгөн жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар келишимдерди түзүүгө жана Россиянын телеканалдарына маек бергенге жетишишти.

Кыргызстандын көргөзмө павильону Екатеринбургдагы кыргыз мекендештердин колдоосу менен Башкы консулдук тарабынан эң чоң, кызыктуу жана кооз жасалгаланып, көргөзмөнүн катышуучулары да, коноктору да көп келишти. Кыргыз павильонуна келгендердин бардыгына улуттук суусундуктар, боорсоктор жана кургатылган жемиштер тартууланды.

Кыргыз павильонунда чакан сүрөт көргөзмө уюштурулуп, жарнамалык брошюралар, туристтик компаниялардын жана рекреациялык санаторий мекемелердин таркатма материалдары кеңири сунушталып, анда ден соолукту чыңдоо жана туризмдин башка түрлөрүн уюштуруу боюнча сунуштардын чоң тизмеси камтылды.

Бул көргөзмө Россия Федерациясынын Федералдык Туризм агенттигинин, Свердлов облусунун Инвестициялар жана өнүгүү министрлигинин, Россиянын Туриндустриясынын биримдигинин расмий колдоосу менен Урал туризм ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп, Россиянын аймагында эң ири регионалдык туристтик аянт катары таанылды.

Көргөзмөгө Россиянын аймактарынан тышкары, россиялык жана чет өлкөлүк туристтик агенттиктер, Армения, Болгария, Чехия, Хорватия, Малайзия, Израиль жана башка өлкөлөрдүн делегациялары катышты.

Пикир

Оставить комментарий