• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Екатеринбургдагы Башкы консулдук тарабынан КР жарандарына айдоочулук күбөлүк бериле баштады

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Екатеринбургдагы Башкы консулдукта алгачкы даярдалган улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргызстандын жарандарына тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов консулдук мекеме аркылуу даярдалган алгачкы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргызстандын жарандарына тапшырды.

Башкы консулдук РФнын Урал аймагында жүргөн кыргызстандык жарандардын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн документтерин 2022-жылдын 17-январынан тарта кабыл ала баштаган. Ошол убакыттан бери кабыл алынган документтердин негизинде айдоочулук күбѳлүктѳр Бишкекте жасалып, биринчилери Екатеринбургдагы Кыргызстандын консулдук мекемесине келе баштады.

Алгачкы жолу өз мекенинен алыста жүрүп, жаңы улуттук айдоочулук күбөлүк алган мекендештер Кыргызстандын өлкө жетекчилигине жана мамлекеттик органдарына чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти.

Аталган консулдук кызматынын көрсөтүлүшүнүн максаты КР президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №4 «Миграциялык абалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу жана чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарына жеӊилдетилген шарттарды түзүп берүү.

Пикир

Оставить комментарий