• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Екатеринбургдагы мекендештер Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүштү

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнѳ карата Екатеринбург шаарында мекендештер арасында футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Мелдеш 29-30 август күндөрү кыргыз диаспорасынын демилгеси боюнча Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун колдоосу менен өткөрүлгөн.

Футбол боюнча мелдешке 32 команда катышса, волейбол боюнча мелдешке эркектерден 18 жана кыз-келиндерден 6 команда катышкан. Финалдык оюндар 30-август күнү болуп өттү.

Мекендештерди Эгемендүүлүк күнү менен Башкы консулдуктун консулу Нурлан Алымбеков жана кыргыз диаспорасынын лидерлери куттуктап, мелдештин жеңүүчүлөрү Башкы консулдуктун атынан кубок, медаль, диплом, ошондой эле жеке ишкерлердин жана коомдук уюмдардын демөөрчүлүк каражаттарынын эсебинен акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий