• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Екатеринбургдан Бишкекке 166 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бүгүн Екатеринбургдан Бишкекке 166 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул каттам менен Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмень, Сургут, Салехард, Новый Уренгой, Надым, Ноябрьск, Курган жана Пермдеги кыргызстандык жарандар алынып келген.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун аймактары жана шаарларындагы жарандардан, кыргыз диаспора уюмдарынан түшкөн кайрылуулардын негизинде түзүлгөн. Ошондой эле тизмени түзүүдө кайрылган жарандар "Урал аба жолдору" компаниясынын мурдагы каттамдарына билет сатып алып, бирок эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу каттам болбой калгандыгы эске алынган.

Пикир

Оставить комментарий