• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эки адам каза болуп, үчөө жабыркады. Чүй айылындагы кырсыктын кесепети

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Чүй облусунун Чүй айылындагы Бугрянка көчөсүндө Lexus үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан эки адам каза болуп, үчөө жабыркаган.

Жерине Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн куткаруучу топ тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий