• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эки адамды өрттөн сактап калган милиционерге "Каармандык" медалы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-июлда өрттөн эки адамдын өмүрүн сактап калган Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери Калыбек Асылбековго "Каармандык" медалы тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов тапшырып, милиция кызматкерине көрсөткөн эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

"Арабызда коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз өмүрүн тобокелге салып, күн сайын кызмат өтөп жаткан эр жүрөк тартип сакчылары бар экенине сыймыктанабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Калыбек Асылбеков мамлекеттик имаратты кайтаруу учурунда батирлердин биринде эки жолу жарылуу болгонун уккан. Ал жерде жарандардын топтолуп жатканын көрүп, барган учурунда көп кабаттуу үйдөгү батирде өрт чыгып жатканын көрүп, тез арада подьездке кирип, электр щитти өчүргөн. Андан соң өрт чыгып жаткан батирдин катуу жабылып калган эшигин ачууга аракет кылып жаткан учурда балдардын жардамга чакырган үндөрүн уккан. Тез арада жардам берүүнү көздөп, жанында турган жарандын жардамы менен эшикти ачып кирген. Милиция кызматкери Калыбек өз өмүрүн тобокелге салып, бетин сууланган сүлгү менен жаап, түтүнгө толгон батирден 4-5 жаштардагы кызды издеп таап, алып чыккан. Ошондой эле кыздын апасын өрттөнүп жаткан үйдөн чыгарууга жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий