• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эки ай ичинде Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдоо зарыл – Артем Новиков

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алууга убакыт келип жетти. Бул туурасында КР премьер-министринин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин биринчи кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири – бул Салык кодекси.

«Салык кодексин талдоо киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун туруксуздугун жана тутумсуз экендигин, салык төлөөчүлөр тарабынан нааразычылыктардын бар экендигин көрсөттү. Жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алууга убакыт келип жетти», - деп билдирди ал.

Өкмөт башчынын м.а. белгилегендей, жаңы редакция эски мамилелерди жана салык башкаруу ыкмаларын жоюп, ал түз таасир этүүчү мыйзам катары колдонууга жөнөкөй жана салык төлөөчү үчүн түшүнүктүү болушу керек.

«Бир документте бизнес үчүн бардык салыкты жана социалдык төлөмдөрдү бириктирүү керек. Андыктан, түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ 2 айлык мөөнөттө Салык кодексинин жаңы редакциясын жана тийиштүү ЧУА пакетин даярдашы зарыл, ал бизнес-коомчулук менен биргеликте талкууланып, коомдук талкуудан өткөрүлүп, Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кароосуна киргизилиши кажет», - деп белгиледи Артем Новиков.

Пикир

Оставить комментарий