• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эки ай мурда Ысык-Көлгө чөгүп кеткен жактоочу Стручалиндин сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Эки ай мурда Ысык-Көлгө чөгүп кеткен жактоочу Александр Стручалиндин денеси табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, денеси 4-сентябрда өзү чөгүп кеткен жерден алыс эмес жердеги жээкке агып келген. Аны жергиликтүү тургундар таап алышкан.

Эске салсак, Александр Стручалин 23-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн учурунда чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин 7 күн издешкен. Издөө иштери 30-июлда токтотулган.

Александр Стручалин Бишкек жана Кыргызстан епархиясында юрист болуп иштеген. Каракол шаарынын ишкерлеринин бирикмесинин төрагасы болгон, Каракол шаарындагы "Ишкерлердин укугун коргоо" коомдук бирикмесин жетектеген. 2016-жылы вице-премьер-министрлердин биринин кеңешчиси болуп иштеген. Анын артында 3 баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий