• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эки айда Ысык-Көлдө 18 адам сууга чөктү

Коом 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Эки айдын ичинде Ысык-Көлгө 18 адам чөгүп кетти. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, июндун башынан бери Ысык-Көлгө 18 адам сууга чөгүп өлгөн. 2017-жылы жайкы курорттук сезондо жалпысынан 24 адам сууга чөккөн. Жыл башынан бери облус аймагындагы дарыяларга жана бассейндерге 8 адам чөккөн.

Анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, сууга чөккөн 18 адамдын бешөө жашы жете электер болгон.

"Ысык-Көл районунда 12 адам чөккөн. Анын экөө жашы жете электер. Көлгө чөккөндөрдүн 14ү башка облустардын тургундары. Анын ичинен 5- Бишкек шаарынан, 5 - Ош облусунан, 3 - Нарын облусунан, 1- Жалал-Абад облусунан", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен башка аймактардан келген эс алуучуларга жана жергиликтүү калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштери активдүү жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий