• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эки долбоорду ишке ашыруу үчүн ЕРӨБ Кыргызстанга 13 млн. евро берет

Экономика 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда жалпы суммасы 13 млн. еврону түзгөн эки жаңы макулдашууга кол коюлду.

Документке "Аймактар үчүн Таза суу" форумунун алкагында КР финансы министри Бактыгүл Жеенбаева менен ЕРӨБнын президенти Сума Чакрабарти кол койду.

Алар: Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо боюнча макулдашуу жана Жалал-Абад шаарында суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча макулдашуу.

Насыя каражаттары 15 жылдык мөөнөткө берилет.

Пикир

Оставить комментарий