• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эки эсе аз иштеп, бирок эки эсе көп иш бүтүрүү

Дүр дүйнө 0

Адат болуп калган эртең мененки тогуздан баштап, кечки бешке чейин иштөө кызматкердин милдеттерин жигердүү аткарчу маалына дал келбей калышы мүмкүн.

8 сааттык жумуш тууралуу жомок

Өткөн кылымда калыптанып калган жогорудагыдай сегиз сааттык иш күнү кара жумуш кылган адамга туура келет. Азыркыдай адамдын көбү акыл менен жан багып калган доордо мындай күн тартиби жарабайт. Биз бул жөнүндө буга чейин деле ойлонуп жүрчүбүз. Көнүп кетем деп ийгиликке жетпегендердин арасында түрдүү дары-дармектерди ичкени аз келгенсип, өз кесибин жек көрүп калагандар да бар. Сегиз сааттык жумуштун мандеми бар экени илимий түрдө далилденди. Эң көп товар жана кызмат өндүргөн мамлекеттерде 8 саат иштешпейт, ал жакта керек болсо жумуш күнү эң кыска. Мисалы, Люксембургда жумасына 30 саат, б.а. күнүнө 6 сааттан иштешет. Ага карабай башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп табышат. Бул орточо иштеген кызматкердин иш убагы. Кыйындарычы? деп сурагыңыз келгендир. Гэри Вайнерчук деген ишкер жумасына 20 саат эле иштейм деп ооз ачырды. Чынында мыкты адамдын көбү учурда күнүнө 3-6 сааттан иштешет. Максат маанилүү. Вайнерчук футбол клубун сатып алайын деп шымаланып турган кези. Үй-бүлөсү менен аз көрүшүү ал үчүн маселе эмес окшойт. Заманбап дүйнөдө эч кимди мажбурлай албайсың, ар кимдин өзүнө жараша артык көргөн нерсеси бар. Эң негизгиси, сиз башкасын аңдыбай, өзүңүз үчүн эмне маанилүү экенин чечиңиз.

Адамдын көбү сүйгөн кесиби менен жакшы акча таап, күн тартибин өзү түзгүсү келет. Сиз да ушундай деп ойлосоңуз, макаланы аягына чейин окуңуз. Мен күнүнө 3-5 саат иштеймин деген ойдомун. Сабак өткөн күнү 5, башка күндөрү 3-4 сатка жакындайт. Сапат же санга аракет кылуу керекпи? Аны өзүңүз чечиңиз. "Эң жакшы убакыт - учурдагы мүнөттөрүм" деп жоопкерчиликтүү жашаңыз.

Санбы же сапатпы?

Көп адамдын иш күнү дайыма бир нерселерге алаксып, негизги ишти бүтүрүү аракети менен өтөт. Бир туруп уюлдук телефонго кирип кетесиз же бирөө менен ойду-тоону сүйлөшүп отурасыз. Иштин майын чыгаруу деген жок. Убакыт көп да, баары бир жетишесиң. Мына ушул жерден токтоп, сиз мойнунан байланган ит эмес, ийгилик үчүн иштеп аткан адам экениңизди эстеңиз. Демек, илең-салаң иштөө сиз үчүн эмес. Иштейм деген кийин иштеңиз да.

Спортту мисал кылалы. Кыска жана тез жасалган көнүгүүлөр жеңил жана узак машыгуудан натыйжалуу экени далилденген. Активдүү иш, андан кийин сапаттуу эс алуу. Булчуңдар эс алуу убагында өсөт экен, бирок буга чейин жаныңызды кыйнабаган болсоңуз кайдагы булчуң! Жумуш деле дал ошондой. Биз маселени кыска мөөнөттө жана үңүлүп киргенде гана мыкты чечебиз. Кыска дегенде мен 1-3 саатка эч нерсеге алагды болбой, ыкчам машыгуу сыяктуу ишке чөмүлгөндү айтып атам.

Эң кызыктуусу биздин ишибиз көбүнчө ойлонуу болгондуктан, биз кеңсебизден алыс эс алуу жатканда мыкты идеяларды жаратабыз. Бул терең изилденген. Сурамжылоого катышкандардын 16%ы чыгармачыл эргүү аларга иш ордунда келерин айтышкан. Бирок калгандарыныкы үйдө, унаада же эс алып жүргөн кезинде келет экен. Samsung Semiconductor компаниясынын вице-президенти Скотт Бирнбаум: "Эң креативдүү ойлор ноутбукту жапканда келе баштайт", - дейт. Анткени сиз тикелей бир маселеге киришкенде, сиз ошол көйгөйгө гана байланып каласыз. Башка убакта болсо мээңиз бир ойдон экинчиге эркин өтүп турат. Жолдо же эс алып жатканда жаратылыш жана айлана-чөйрөдөгү башка нерселер зээнден унутулган түрдүү элес жана ойлорду сууруп чыга баштайт. Оюңуз мейкиндик менен убакытта сайрандап, мээ сиз чечүүңүз керек болгон көйгөйгө тиешелүү түрдүү варианттарды караштырып кирет. Чыгармачылык бул мээңиздин түрдүү бөлүкчөлөрүнүн өз ара байланышуусунан чыгат.

Эгер сиз чын эле ишке киришсеңиз, иштеңиз. Жумуштун темпи азайганда дароо труп кетиңи да. Чыртка чыгыпэс алыңыз, чечим аркаңыздан кууп жетет.

Биринчи үч саат маанилүү

Психолог Рон Фридмандын айтуусу боюнча, күн ичиндеги өндүрүмдүүлүгүңүз эртең менен тургандан кийинки үч саатта чечилет. Harvard Business Review журналына берген маегинде ал: "Адатта, иштин майын чыгарууга үч сааттай убактыбыз болот. Бул мөөнөткө көп нерсени батырса болот. Интеллектуалдык маселелерди чечүүгө жана пландоого, байланыш түзүүгө эң сонун убакыт." Бул убакыт көп себептен улам өтө маанилүү. Уйкудан баштайлы. Тургандан кийинки сааттарда мээнин алдыңкы кыртышы өзгөчө активдүү жана тапкыч экенин изилдөөлөр далилдеген. Демек, ыкчам жана жигердүү иштейм десеңиз, ойгонгондон кийин дароо ишке киришиңиз. Эрк жана өзүн багыттоо илими да таң эң сонун убакыт экенин айтат. Бул сиз күч-кубатка толуп турган кезиңиз.

Мен таңды машыгуу менен тосуп алчумун. Бирок кийинчерээк ал менин болгон кубатымды соруп жатканын байкадым. Учурда 5те туруп, институттун китепканасына кирип, иштей баштачу болдум. Жолдон 250 каллорийлүү протеиндүү атайын суусундак ичип алам. Мындай кылууну Иллинойс университетинин диетология профессору Доналд Лайман сунуштайт. Аны ойгонгондон жарым саат өткөндө ичүү пайдалуу. Белокко бай азык жай сиңип, узакка жетет. Бир нече мүнөт медитация (зикир чалып же ишрок намазын окусаңыз болчудай. котормочудан) кылып, 5-10 мүнөт күндөлүгүмдү толтурам. Бул күнүмдүк иштерге үңүлүүгө мүмкүндүк берет. Узак мөөнөттүк максаттар менен бирге учурда чечүү зарыл болгон маселелерди да жазам. Мындан сырткары адам менен жолугушуу же азыркы долбоорго тиешелүү идеялар сыяктуу акылыма келген бардык нерсени жаза баштайм. 5:45те учурдагы долбоорго иштей баштайм. Ал макала, илимий иш же он-лайн курс болушу мүмкүн. Башында 2-5 саат тынбай иштеп салаганыма таң калып жүрдүм. Бул маалда акылым эч кандай стимуляторлор жок сонун иштейт. Саат 9 менен 11дин арасында ишти токтотуп, бир аз тамак ичип, машыгууга барам. Спорт менен таң атканда эмес, бир нече сааттан кийин машыгуу натыйжалуурак болорун сездим. Мээ бир аз эс алгандан кийин бир нече саат кайра иштесе болот. Бирок эртең менен көп иш бүтүрүп алсаңыз, иш күнүн ушу менен токтотуп койсо деле болот. Таңдын берекесин качырып жибербегиле!

Таңдын берекеси качпасын

Албетте мындай тартип бардык адамга туура келе бербейт. Эртең менен балдарын ташыган адамга ылайык болбойт. Бирок эртең менен бош болсоңуз, сөзсүз аракет кылып көргүлө. Мисалы, адаттагыдан бир нече саат эртерээк туруп, түшкө маал уктап алсаңыз болот. Бирок электрондук даректи же ватсапты кароо сыяктуу зарыл эмес нерселерге убакыт коротпоңуз. Аларды 3 саат өтмөйүнчө ачпаңыз. Таңдын берекелүү убактысын чыгармачылыка арнаңыз. Эгер аракетиңизди багыттап турбасаңыз ал миң түркүн майда иштерге ажырап, эч нерсеси калбай калат. Буга сиз гана каршы тураласыз. Бул сиз бир нече саат жок болуп кетесиз дегендик. Эгер кимдир бирөө өлүп кетпесе эле жакыныңар, кызматкерлер, досторуңуз сизди ишиңизден алагды кылбашы керек.

Рух, акыл жана дененин байланышы

Сиз жумуштан сырткары кылган нерсенин баары жумушуңузга таасир берет. 2016-жылдын мартында Neurology журналына чыккан изилдөөгө караганда дайыма кылынган физикалык машыгуулар мээнин картаюусун 10 жылга кечеңдетет. Машыгуу менен иштин натыйжалуулугу тыгыз байланышта экенин мында башка да көп изилдөө тастыктаган. Кандай болбосун мээ да дененин бир бөлүгү. Дени сак адамдын мээси жакшы иштээри айдан ачык. Эгер мүмкүндүгүңүздүн чегине жеткиңиз келсе системдүү аракет кылыңыз. Сиз бир бүтүн затсыз. Сиздин бир бөлүгүңүз жакшы тарапка өзгөрсө, бардык жагыңыз жакшырат. Максималдуу өндүрүүгө сапаттуу тамактанып, жакшы уктасаңыз жетесиз. Эгер эрте туруп, мыкты иштесеңиз, сапаттуу уйкуну кепилдейсиз.

Оюн да сиздин креативдүүлүгүңүздү арттырчу маанилүү иш. «Оюндардын улуттук институтун» негиздеген Стюарт Браун алты миң кишини изилдеп чыгып, оюн адамдын ден-соолугу, окуусу, жаңылык киргизүү сыяктуу адамдын бардык тарабын жакшыртат деген натыйжага келген. Ал TEDдеги сөзүндө: «Оюн мээнин сыйымдуулугун, ылайыкташуусун, чыгармачылыгын арттырат... Мээни бир да нерсе оюнчалык ойгото албайт», - деди. Оюндун адамдын айлана-чөйрөсүн таануусуна, акылынын жетилүүсүнө өтө маанилүү экенин китептер жана макалалар улам тастыктап келет. Оюн эс тутум менен көңүл бурууну жакшыртат. Чет тилдерди өздөштүрүүгө, маселени чыгармачылык менен чечүүгө жардам берет. Максатка жетүүгө, өзүн тескөөгө, коомдо жүрүү, кызматташуу, жамаатташуу, араздашуудан чыгуу, жетектөө, кызуу кандуулуктуу жеңе билүү жөндөмүн калыптайт.

Бенжамин Харди insider.pro

Булагы: Саресеп

Пикир

Оставить комментарий