• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жардам керек: Пенсионер эки адамдын гемодиализин камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 2-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Аламүдүн районуна караштуу Восток айылынын тургуну Айнура Тургунбаева жалгыз өзү өмүрлүк жубайынын жана уулунун дарылануусуна каражат табууга аракет кылууда.

Ал “Кабар” маалымат агенттигине жакындарынын ар бир айда алып туруучу гемодиализ алуусуна жана канын тазалатууга кетчү каражатты топтоого жардам берүүнү кайрымдуу адамдардан суранып кайрылган.

“Менин балам Талипжан Сеитов 1-группадагы майып жана бөйрөк илдети менен жабыркайт. Күйөөм, Жаныбек Сеитов жаш кезинен эле бөйрөк оорусуна чалдыккан. Текшерүүлөрдөн кийин балам, жолдошум дагы жан кейиткен кыйноолордон арылуу үчүн ар бир айда гемодиализ алып жана канын тазалатып туруусу керек экени белгилүү болгон”,-дейт Турганбаева.

Анын айтымында, гемодиализдин бир процедурасы 7 миң 300 сом, ал эми канды тазалатуу 5 миң сом турат. Жыйынтыгында ар бир айда жакындарын дарылатып туруш үчүн ага 24 миң 600 сом талап кылынат. Бул процедураларды бир жыл төрт айдын аралыгында бир эле жолу алууга мүмкүн болгон.

“Биз жер тилкебизди, үйдөгү бардык жарактуу буюмдарды саттык. Бирок бул каражат бир жолку дарыланууга гана жетти. Мен телеканалдар аркылуу жардам сурап кайрылып, атайын эсеп ачкам. Бүгүнкү күнгө чейин эсепке каражат түшө элек”,-деп кошумчалады ал.

Атайын эсеп Сеитова Ж. С. нын атына «ФинансКредитБинк КАБ»да ачылган: БИК 134001, эсеп номери 1340000059534749.

Турганбаеванын телефон номери 0772 541 880.

Пикир

Оставить комментарий