• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эки күндө 130 миң сомдон ашуун айып салынды — Бишкекте "Коомдук транспорт" рейди өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук унааларга карата "Коомдук транспорт" аталышында рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде 35 факты аныкталып, 131 миң сом айып салынган.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, акыркы учурларда жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттор катышкан жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон фактылар да байкалууда. "Буга айдоочулардын айдоо маданиятын толук өздөштүрбөгөндүгү, автоунаанын техникалык абалына толук көңүл бөлбөгөндүгү жана жалпы эле жол эрежелерин толук сактабагандыгы болууда", - деп айтылат маалыматта.

Кайгуул кызматы аталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында 8-ноябрдан 30-ноябрга чейин атайын рейд өткөрүүдө.

"Рейд учурунда автобустардын, маршруттардын соңку аялдамасына барып, маршруттук кыймылдын графиктерин, техникалык кароодон өткөндүгүн, жүргүнчүлөрдү ташууда көрсөтүлгөн орундуктардан ашырбоосун, жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө көрсөтүлгөн жерлерде токтоотсун, ошондой эле айдоочулар каттамга чыгуу учурунда техникалык жана медициналык көзөмөлдөн өтүүсүн текшерүүгө алып, тиешелүү протоколдорду түзүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", - деп кошумчалашты Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан.

"Коомдук транспорт" рейдинин жүрүшүндө эки күндө 35 протокол толтурулуп, анын ичинен техникалык бузуулары байкалып, оң абалда болбогондугу үчүн 22 маршруттук унаага 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле техникалык бузууларын билип туруп каттамга чыгарган маршруттук унаанын механиги 10 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылган.

Милициянын кайгуул кызматы коомдук транспорттордун айдоочуларын жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий