• 84.8
  • 99.29
  • 1.16

Эки кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Эки кыргызстандык балбан Будапештеги өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын утту. Бул тууралуу Жаштар иштерин, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Раззак Бейшекеев (60 кг) жана Нуристан Сүйөркулов (51 кг) өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча чемпион болду. Ошондой эле Нурболот Бердикулов (45 кг) коло медалды тагынды.

Пикир

Оставить комментарий