• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эки кыргызстандык Казакстанга 20 тоннадан ашык тоок этин мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек-ара аймагында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө чек-ара кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) кызматкерлери менен биргеликте Казакстанга мыйзамсыз жол аркылуу 20 тоннадан ашык тоок этин алып өтүүгө аракет кылган эки кыргызстандыкты кармашкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын эки жараны "Volvo" үлгүсүндөгү унаа менен Кыргызстандан Казакстанга жалпы салмагы 20 тоннадан ашык тоок этин алып өтүүгө аракет кылышкан. Алардын жанында тиешелүү уруксат кагаздары жок болуп чыккан.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жарандар жүк менен чогу КР ЭККМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий