• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эки кыргызстандык салбуурун боюнча Азия чемпиону аталышты

Спорт 0

Бишкек, 05.06.18./ Кабар/. Эки кыргызстандык спортчу салбуурун боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

“Кусбеги-2018” алгыр куштардын мелдеши Алматы шаарында 30-ноябрдан 2-декабрга чейин уланган.

Биринчиликке 9 өлкөнүн спортчулары катышкан.

Мелдештин “бүркүт салуу” түрүндө 70тен ашык спортчу жарышышкан. Бул таймашта кыргызстандык Аман Исмаилов биринчи орунду ээлеп, 500 миң теңге байге алды.

Дагы бир спортчубуз Түгөлбай Абдыкадыров “далба ойнотуу” боюнча биринчи болду.

Белгилей кетсек, Абдрасул Кубатов (куш салуу) менен Уран Жумалиев (далба ойнотуу) төртүнчү орунду ээлешти.

Пикир

Оставить комментарий