• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эки кыргызстандык Самарада жол кырсыгынан каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Эки кыргызстандык Самарада жол кырсыгынан каза болду,-деп билдирет КРдин Россиядагы элчилигинен. Жол кырсыгы 7-декабрда Нефтегорск районундагы М-5 “Урал” унаа жолунун 82-чакырымында катталган.

Самара облусунун ИИМнин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болду – айдоочу жана жүргүнчү. Ошондой эле, эки жүргүнчү – аял жана бала оор жаракат алып, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Элчилик жол кырсыгынан жабыркагандардын жакын туугандары менен байланышып, окуя тууралуу маалымат берилди

Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар – Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталды. Учурда элчилик тарабынан сөөктөрдү мекенине жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий