• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эки кыргызстандык шахматчы эл аралык шахмат уюмунун чебер наамын алышты

Спорт 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык Мелис Маматов жана Заирбек кызы Бегимай ФИДЕ эл аралык шахмат уюмунун чебер наамын алышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти Милан Турпанов билдирди.

Грузиянын Батуми шаарында 24-сентябрдан 5-октябрга чейин 43-Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасы өткөн. Ал жерде КРнын кыз-келиндер курама командасы “С” тобунда алтын медаль жеңип алды.

Мелдештердин жыйынтыгында ар бири 10 оюндан ойноп, Мамытов 6 упай, Заирбек кызы 7 упай топтогон.

“ФИДЕнин” шахматтык наамы эл аралык мелдештердеги ийгиликтүү оюндар үчүн берилет.

Пикир

Оставить комментарий