• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эки кыргызстандыктын өмүрүн алган АН-28 учагынын кыйроо себептери жакынкы күндөрү аныкталат

Коом 0

Бишкек, 05.10.17./Кабар/. Эки кыргызстандыктын өмүрүн алган Алмата облусунда кулаган АН-28 учагынын кыйроо себептерин жакынкы күндөрү аныкташат. Бул тууралуу Казакстандын инвестиция жана өнүктүрүү боюнча министри Жеңис Касымбек өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазган.

Анын айтымы боюнча, АН-28 учагынын кыйроосуна байланыштуу атайын комиссиялык топ түзүлгөн. Комиссия мүчөлөрү окуя болгон жерге учуп кетишкен. Кырсыктык келип чыгуу себептери жакынкы күндөрү аныкталат.

Эске сала кетсек, Алматага жакын жерде Санитардык авиациянын АН-28 учагы кыйрап, беш киши каза тапкан. Окуя 3-октябрь күнү кечинде саат 18:47 чамасында Иле районунда болгон.

Акимчиликтин маалыматы боюнча учак дыйкан чарбасынын аймагына кулап, күйүп кеткен. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн.

Учак бейтапка жардам көрсөтүү үчүн Алмата-Шымкент-Алмата багыты боюнча бара жаткан. Маалыматтарга караганда, бортто үч учкуч жана эки медициналык кызматкер болгон.

Санитардык авиациянын учагы 18.35те Алматадан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен.

КР ТИМнин берген маалыматы боюнча, кеменин командири Геннадий Цой жана авитехник Бейшенбей Ахматбаев Кыргызстандын жарандары экендиги маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий