• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эки өлкөнүн Эриш-аркак жылы менен стратегиялык кызматташуунун жаңы баскычы башталат – Шестаков

Коом 0

Кечээ, 27-февраль күнү Москва шаарында Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эки өлкө президентинин катышуусу менен болуп өттү.

undefined

Анда сөз сүйлөгөн эки президент Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш экенин жана кызматташуу ар тараптуу болуп жатканын айтып өтүштү.

undefined

Ачылыш аземинде эки өлкөнүн чыгармалык топтору жана искусство ишмерлери өз өнөрлөрүн тартуулады.

Бул боюнча "Пикир" клубунун тең төрагасы Игорь Шестаков өз оюн билдирип, ал тарыхый окуя экенин айтып өттү.

"Биринчиден, бул тарыхый окуя. Себеби, Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгү көз карандысыздыкты алгандан бери болуп келет", - деди ал.

Ал, бул жылы эки өлкөдө жарыяланган Эриш-аркак жылы менен стратегиялык кызматташтыктын жаңы баскычы башталат деп үмүт артат.

"Бул жыл Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий ориентирлерине өңүт берет. Себеби, бул иш-чарага чоң макам берилген – ачылыш аземи Кремль сарайында өтүп, аны Россиянын федералдык телеканалдары көрсөттү", - деди ал.

Шестаков, бул жыл эки өлкө аймактарынын ортосундагы кызматташты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн колдонулат деген тилегин билдирди. Анын айтымында, эки борбор – Москва менен Бишкек ал кызматташууга багыт берип турса, аны ишке ашыруу аймактардын иши.

"Көз карандысыздык жылдарында Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын ортосунда жакшы ишкерлик мамиле түзүлүп калды", - дейт ал.

Ал, бул жылы биздин диаспоралардын потенциалын болушунча колдонуу керектигин айтат.

"Россиянын аймактарында биздин диаспоралардын ийгиликтүү алып барып жаткан бизнестери бар. Ал диаспоралардын жардамы менен инвестиция тартып, өз ара пайда алып келген биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болот", - деди ал.

Аны менен бирге Шестаков Кыргызстандын Россиядагы элчиси А. Жекшенкуловдун ишин да белгилеп өттү. Анын айтымында, элчи диаспоралар менен иш алып барып, Россиянын аймактарын кыдырууда.

"Бул нерсени да колдонуу керек. Анткени, биздин элчиликтин иши четте болуп келсе, азыр анын иши жакшырууда", - деди ал.

Ал билдиргендей, диаспорасыз жана аймактар аралык кызматташуу болбой туруп бул жылга айтылган ой-тилектерге жетүү кыйын болот.

"Менин билишимче 200дөн ашык иш-чараны өткөрүү каралган", - деди ал.

Ошондой эле ал бул жылдын жыйынтыгы Екатеринбургда өткөрүлүп калышы мүмкүн экенин айтты.

"Күзүндө ал жакта өлкө башчылардын мамлекеттер аралык отуруму өтөт. Ал мезгилге чейин кандайдыр бир жыйынтыктар болсо деген тилек бар", - деди ал.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий