• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эки маршрутканын жана жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы видеого түшүп калган

Кырсык 0


Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Эки маршрутканын жана жеңил унаанын катышуусунда болгон жол кырсыгы видеого түшүп калган.

Буга чейин милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, бишкекте бүгүн саат 12:30дар чамасында Элебесов жана Арал көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагышты — бир жеңил автоунаа, №130 жана №193 эки маршрутка.

Кырсыктын кесепетинен эки маршруткада тең жүргүнчүлөр жабыркаган. Учурда алардын толук саны такталууда, жерине кайгуул кызматкерлери чыгып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий