• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эки министрге жана 13 акимге сөгүш жарыяланды, дагы эки аким кызматтан алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.19 /Кабар/. Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн өкмөттүн кезектеги жыйыны өттү. Жыйында 2018-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана башка бир катар маселелер каралды.

Ошондой эле жыйын учурунда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кетирген кемчиликтер үчүн экономика министри Олег Панкратовго, билим берүү министри Гульмира Кудайбердиевага, анын орун басары Надира Жусупбекова, Инвестиция тартуу агенттигинин башчысы Адилбек уулу Шумкарга, Маданият министринин статс-катчысы Бактыбек Секимовго, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Бакыт Абдиевге сөгүш жарыялоону сунуштады.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевга, Мамэкотехинспекциянын башчысы Жолдошбек Жунушевге, Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжановго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Марат Калиевге жана Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовго дисциплинардык эскертүүнү берүүнү сунуштады.

Өкмөттүн мүчөлөрү бул сунушту колдошту.

Мындан тышкары өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсуповго дагы сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле 13 райондун акимине сөгүш жарыяланды:

1. Москва районунун акими – Азамат Эсенбеков
2. Кемин районунун акими – Жумгалбек Дуйшебаев
3. Токтогул районунун акими – Майорбек Сатымкулов
4. Аксы районунун акими – Масалбек Мырзамаматов
5. Базар-Коргон районунун акими – Айбек Бегимкулов
6. Жети-Өгүз районунун акими – Бактыбек Алайчиев
7. Панфилов районунун акими – Мелис Раимкулов
8. Баткен районунун акими – Кеңеш Салихов
9. Лейлек районунун акими – Баймурат Бекмуратов
10. Ала-Бука районунун акими – Эмилбек Абдыкадыров
11. Ысык-Көл районунун акими – Данияр Иманалиев
12. Ат-Башы районунун акими – Жакыпбек Субакожоев
13. Манас районунун акими – Бектеналы Дүйшебаев

Үч райондун акиминин орун басарларына дагы сөгүш жарыяланды:

  • Жумгал районунун акиминин орун басары – Гүлбарчын Исакова
  • Ноокат районунун акиминин орун басары – Ниязку Козуев
  • Араван районунун акиминин орун басары – Музафаржон Мамансандов

Ак-Суу районунун акими У.Доконбаев, Тоң районунун аким Таалайбек Ажиев жана Ноокен районунун акиминин орун басары Рахат Исакова ээлеген кызматынан бошотулушту.

Пикир

Оставить комментарий