• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эки окуучуну сүзүп кетүүгө укук коргоо органдары күнөөлүү – премьер-министр

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. 2 окуучуну сүзүп кетүүгө укук коргоо органдары күнөөлүү. Бул тууралуу бүгүн Өкмөттүн жол-транспорт кырсыгы маселеси боюнча кеңешмеде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал белгилегендей, Бишкекте 2 окуучуну сүзүп кеткен айдоочу мындан мурда дагы жол кырсыгынын катышуучусу болгону тууралуу маалыматтар бар. “Мен бул жерде укук коргоо органдары күнөөлүү деп эсептейм. Эгер алар айдоочуну өз убагында кармашканда, мындай окуя болмок эмес”,-деди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, Өкмөт башчы ар күнү окуучулардын жакшы болуп кетүүсүн Кудайдан сураганын белгиледи.

Эскерте кетсек, 21-апрелде Бишкекте айдоочу 3-класстын эки окуучусун сүзүп кеткен, алар бүгүнкү күнгө чейин ар түрдүү жаракатынан улам 3 балдар ооруканасында жатышат. Укук коргоо органдарынан билдиргендей, мындан мурда аталган айдоочу адамды сүзүп өлтүрүп, бирок ал жазадан кутулуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий