• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ала-Букада эки сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда пара алып жаткан жеринен эки сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү Ала-Бука районунун соттук аткаруучулар бөлүмүнүн Д.С. жана Ч.М аттуу кызматкерлери 25 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Алар жергиликтүү тургундун алимент төлөө боюнча 67 миң сом карызы болгондуктан, Кыргызстандын аймагынан чыгууга уруксат берүү үчүн андан 30 миң сом талап кылышкан.

Кармалгандар Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий