• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эки социалдык объектти жана 31 турак үйдү суу каптады. Жумгалдагы селдин кесепети

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, күн мурун, 27-июлда болжол менен саат 14:30да жаап өткөн катуу жамгырдын кесепетинен Чаек айыл аймагынын Май-Кокту, Кашка-Терек тилкесиндеги коктулардан келген сел суулары Күчүк-Арык каналына батпай суу ашкан. Натыйжада Э.Сапарбеков көчөсүндө жайгашкан 31 турак үйдүн короосун, 6 турак үйдүн жер төлөөсүн жана эки социалдык объекти суу каптаган.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары жана атайын техникалар тартылып, ички чарбалык унаа жолдорду, 4 турак үйдүн короолорун жана көпүрөлөрдүн алдын кум-шагылдан тазалашкан.

ӨКМден кошумчалашкандай, селдин кесепеттерин жоюу иштери эртең, 29-июль күнү улантылат

Пикир

Оставить комментарий