• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Дагы эки талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Дагы эки талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тартты.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 20-ноябрь күнү Орозобек Мадинов арыз менен кайрылгып, президенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин кайтарып берүүнү суранган.

Ошондой эле 21-ноябрь күнү мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов да документтерин кайтарып алган.

Буга чейин Карагач Исмаилова президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Учурда 60 киши президенттикке талапкер болууда:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Мыктыбек Арстанбек – "Халал" индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
  8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  11. Кубан Чороев — экономист;
  12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
  13. Назарбек Нышанов — активист;
  14. Нурлан Мотуев — активист;
  15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
  17. Элеонора Турдубекова - Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  19. Урустам Кабылбеков - Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  22. Жамбылбек Камчиев – куудул.
  23. Арсланбек Малиев Касымакунович - Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
  24. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
  25. Бакыт Романов - убактылуу иштебейт;
  26. Куттуумидин Базаркулов - «Дербиш фондунун директору»;
  27. Анар Зарипова - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин деканы.
  28. Курсан Асанов - ички иштер министринин мурдагы орун басары;
  29. Бакир уулу Турсунбай - «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
  30. Турсунбек Жумабеков
  31. Ербол Токтогулов - иштебейт;
  32. Имамидин Ташов - ОсОО «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.
  33. М. Болгомбаев;
  34. Темирлан Ормуков – эмгек тажрыйбасы жок;
  35. Садыр Жапаров – КР премьер-министри;
  36. Каныбек Иманалиев – ЖК депутаты;
  37. Анаркуль Араева - пенсионер;
  38. Акжолтой Тукунов - «Балыкчы Ак-Жол Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  39. Равшан Жээнбеков – убактылуу иштебейт;
  40. Тынчтык Акжолтоев - ишкер;
  41. Айбек Эркетаев - убактылуу иштебейт;
  42. Санжарбек Энназаров - «Дари Строй» ЖЧКсынын директору;
  43. Юлия Лилиенталь – башталгыч класстардын мугалими;
  44. Чыңгыз Капаров - убактылуу иштебейт;
  45. Жаныбек Сүйүналиев - убактылуу иштебейт;
  46. Жеенбек Искендеров – Бишкек көп тармактуу тоо-кен колледжинин улук окутуучусу;
  47. Кубанычбек Исабеков - «Нарын» ЖЧКсынын башкы директору;
  48. Базарбай Темишов - пенсионер;
  49. Бактыбек Жумагулов – «Борбор Азиянын өнүгүү жана тынчтык институту» коомдук фондунун төрагасы;
  50. Бакыт Керимбеков - КР Пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
  51. Елена Клипачева – адвокат.
  52. Бабыржан Тольбаев - «М Булак» ММК ЖЧКсынын башкы директору;
  53. Султан Ажиматов - «Сервискомп KG» ЖЧСынын директору;
  54. Адилет Маматов - «Бишкек санитардык таштанды жайы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы;
  55. Кубанычбек Токтосунов - убактылуу иштебейт;
  56. Улукбек Кочкоров - убактылуу иштебейт;
  57. Элдар Абакиров - убактылуу иштебейт;
  58. Абдил Сегизбаев - убактылуу иштебейт;
  59. Мирлан Калыбеков - убактылуу иштебейт;
  60. Саматбек Ибраев – ЖК депутаты.

Пикир

Оставить комментарий