• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери чечилет - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда, Белоруссиянын Минск шаарында Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчылары Минскиге Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясына катышуу үчүн келишкен.

Президенттер эки тараптуу мамилелердин келечегин, анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Президенттер басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктап, эки элдин ортосундагы бир туугандык, жакшы коңшулаштык мамилелер бекемделет деп баса белгиледи. Чек арадагы кырдаал боюнча эки өлкөнүн Өкмөттөрү иштеп жаткан «жол картасын” кабыл алуу зарылчылыгын белгиледи. Жакын арада жумушчу топтор жолугушат.

Аталган картаны кабыл алганга чейин чек ара убактылуу ачык болоорун кошумчалады.

Андан тышкары чек арада Казакстан, Кыргызстан жана ЕАЭБ тарабынан көзөмөл коюу тууралуу макулдашууга жетишилди. “Кытай менен чек арада дагы ошондой текшерүүдөн өтүшөт”-, деп маалымдады Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын Президенти Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду расмий сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакыргандыгын кабарлады. ”Сапардын алкагында кыргыз-казак кызматташуусунун келечегин талкуулайбыз”, -деп кошумчалады ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге Президенттик кызматка шайланышы менен куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Нурсултан Назарбаевге чың ден-соолук, ал эми бир тууган Казакстан элине бакубатчылык кааларын билдирди.

“Биз Нурсултан Абишевич менен бардык маселелер туурасында сүйлөшүп, бир чечимге келдик. “Жол картасы” бар, эки өлкөнүн Өкмөттөрү иштеп жатат, декабрь айынын аралыгында бул багыттагы иштерди аягына чыгарабыз. Чек арага биргелешкен көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери чечилет”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий