• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эки тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) тергөөчүлөрү 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына бир жаран кайрылып, Ленин районунун тергөө бөлүмүнүн кызматкери, анын бир тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн 300 доллар пара талап кылганын билдирген.

Жетинчи март күнү болжол менен саат 23:40та Ленин райондук ИИБнин тергөө кызматынын эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалышкан.

Алардын бирөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий