• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эки унаанын ортосуна кыпчылып калган: Россиядагы жол кырсыгы 24 жаштагы кыргызстандык жигиттин өмүрүн алды

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Россиянын Балашиха шаарында катталган жол кырсыгынан 24 жаштагы Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, кечээ аларга аталган жол кырсыгы боюнча маркумдун тууганы кайрылган. Аталган райондун тергөөчүсү менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгында маалым болгондой, 10-июлда болжол менен саат 23:40 чамасында “Волга” трассасында КР жараны башкарып бара жаткан оор жүк ташуучу унааны фура келип сүзгөн. Жигит эки унаанын ортосуна кыпчылып калган.

Ошол кезде анын жанында айдоочулук күбөлүгү гана болгон.

Аталган жол кырсыгы жана кыргызстандыктын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Жабырлануучу катары маркумдун инисин суракка алышкан. Учурда маркумдун сөөгүн КРга жөнөтүү боюнча керектүү документтер чогултулууда.

Пикир

Оставить комментарий