• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт". Садыр Жапаров чек ара маселеси жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде чек ара маселесине токтолуп, чек араны чечүү маселеси жай жүрүп жаткандыгын айтты.

Президенттин айтуусуна караганда, Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 км бүттү, 300 км калды.

"Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, Кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер тосмо койсо болбойт беле деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт. Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий